Биз социалдык тармакта

Нарында караокеде мас болуп алып чыр салган жигит кармалды (видео)

Нарын шаарында коомдук жайда бейбаштык кылууга шектелип 23 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Нарын облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 6-сентябрдан 7-сентябрга караган түнү "Либерти" караокесинде болгон. Факт боюнча милицияга арыз түшкөн.

Текшерүү учурунда 23 жаштагы жигит мас абалында укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, сөгүнүп жана кол көтөрүүгө аракет жасаган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү Ат-Башы райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Нарында караокеде чыр салган жигит кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан