Биз социалдык тармакта

Кыргыз жаш көрүүчүлөр театры Орусиядагы эл аралык фестивалга катышат

Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры 14-19- сентябрь күндөрү Орусиянын Разянь жана Петрозаводск шаарында өтүүчү "Рязанские смотрины" аталыштагы ХХ Эл аралык театралдык эки чоң фестивалга катышат. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, фестивалга Кыргыз эл жазуучусу, драматург Кайрат Иманалиевдин "Үмүт" жана Шмидтин "Письмо Самолётик" аттуу спектаклдери менен катышат.
Эл аралык театралдык фестивалга катышып жаткан "Үмүт" спектакли буга чейин Өзбекстан, Казакстан, мамлекеттеринде өткөрүлгөн Евразиялык l эл аралык театралдык фестивалдарга катышкан.
Ошондой эле, "Yмүт" спектакли 2025- жылы 27-мартта Москва шаарында өткөн "M.@rt.контакт" Vll эл аралык театралдык жаштар форумуна катышып, спектаклде башкы ролду ойногон Кыргыз эл артисти Мамбетова аялдын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн "Эң мыкты сценография" номинациясын алган.
Ал эми "Письмо Самолётик" спектакли 2021 - жылы Өзбекстанда өткөн фестивалга, 2023- жылы Москва шаарындагы Чехов атындагы V эл аралык театралдык фестивалына катышкан. Андан сырткары, 2025- жылы Екатеринбург ТЮЗ театрынын чоң залында коюлган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан