Бишкекте вице-мэрдин кызматын 150 миң долларга алып берем деген адам "алдамчылык" беренеси боюнча кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан маалымдашты.
Милицияга Бишкек шаарынын Сергей аттуу жашоочусу кайрылып, Жеңиш деген адамга карата чара көрүүнү айткан. Ал экөө 2013-жылы октябрда шаардагы кеңселердин биринде таанышып калышкан. Атын Жеңиш деп айткан адам Сергейге вице-мэрлик кызматка сүйлөшүп берүүнү убада кылган. Бирок кызматы үчүн 150 миң доллар суммадагы акчаны талап кылган. Сергей ага 60 миң доллар берип, калган сумманы кызматка орношкондон кийин берерин айткан. Акчаны алгандан кийин Жеңиш из жашырып кеткен.
Тергөө амалдарынын негизинде Бишкек ШИИББинин кызматкерлери тарабынан 47 жаштагы Өмүртөрө аттуу адам кармалды. Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.