Бүгүн, 11-сентябрдан тарта Бишкек шаарында Чыңгыз Айтматов проспектисинде саат 22:00дөн кийин унаалардын кыймылына чектөө киргизилбейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Мындай чечим шаардыктар жана айдоочулар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатуу, ошондой эле жол агымын жөнгө салуу максатында кабыл алынды.
Бүгүндөн тарта проспектидеги унаа кыймылы күнү-түнү ачык болот.
Буга чейин Ч. Айтматов проспектисинде каттам саат 22:00дөн 05:00гө чейин тыюу салынган. Бул учурда унаалар Масалиев проспектиси менен Садырбаев көчөсүнө багытталган болчу.