Бүгүн, 11-сентябрда Ош шаарындагы Молдо Нияз көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөндөн кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
Мэр Жеңишбек Токторбаев жергиликтүү аксакалдар менен чогуу жолду ачып берди.
Жасалган жолдун узундугу бир чакырымдан жогору, кеңдиги 12 метр. Эки жагына тротуар курулуп, ирригациялык лотоктор орнотулду.
Белгилей кетсек, бул жолдордун абалын шаар башчы рейддик кыдырууларда көрүп чыгып, оңдоо иштери башталган.