Дүйнөдөгү эң бай адамдын ысымы белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, америкалык Oracle компаниясынын негиздөөчүсү жана ири акция ээлеринин бири, 81 жаштагы Ларри Эллисон дүйнөдөгү эң бай адам аталды. Соңку суткада анын байлыгы 101 миллиард доллардан 393 миллиард долларга чейин өстү.
Мындан тышкары, Эллисондун байлыгындагы өсүш миллиардерлер индекси тарыхындагы эң чоң көрсөткүч болду. Акциялардын баасы кечээ күчтүү отчеттук көрсөткүчтөрдөн кийин 41,8 пайызга чейин жогорулады.
Салыштыруу үчүн айта кетсек, буга чейин дүйнөдөгү эң бай адам болуп эсептелген Илон Масктын активдери учурда 385 миллиард долларды түзөт.
Эскерте кетсек, июль айында Ларри Эллисон дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде тарыхта биринчи жолу экинчи орунга чыккан, анда анын байлыгы 251,2 миллиард доллар деп бааланган жана ал ошол учурда Марк Цукербергди артта калтырган.