Биз социалдык тармакта

Haber7: Израил Катардан кийин Түркияга чабуул жасашы мүмкүн

Израилдин араб өлкөлөрүнө жасаган соккуларынан кийин анын кийинки бутага ала турган өлкөсү Түркия болушу мүмкүн. Бул тууралуу саясий аналитик, профессор Энес Байраклы Haber7 порталына билдирди.

Анын айтымында, Израил Түркияга кысым көрсөтө турган ар түрдүү инструменттерге ээ, бирок түздөн-түз сокку уруу ыктымалдыгын толук четке кагууга болбойт. Эгерде мындай агрессия жасалса, Анкара жооп иретинде аскердик да, дипломатиялык да чараларды колдонууга аргасыз болот.

Байраклы белгилегендей, Түркия формалдуу түрдө НАТОнун бешинчи беренеси менен корголгону менен, уюм Израил менен болгон түз пикир келишпестикке кийлигишпей калышы толук мүмкүн.

"Эгерде Израил түздөн-түз кол салууга батынса, ал эми уюм реакция кылбаса, анда НАТОнун тоскоолдук кылуучу күчү толук дискредитацияланат", — деди ал.

Ал ошондой эле АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы мурда эле коопсуздук кепилдиктеринин чектелүү экенин эскертип, европалык союздаштарды өз күчтөрүнө көбүрөөк таянууга чакырганын эске салды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2025-09-12 03:15:00
Эгер Туран биримдиги күч алып кетсе Израиль кыска мөөнөттө чоң жоготууларга учурайт, түрк тилдүү өлкөлөргө тийишип алуу бул уктап жаткан уулу жыланды уясынан адашып ойготуп алуу болуп саналат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан