Парижде сүрөтчү Питер Паул Рубенстин жүздөгөн жылдар бою жоголду деп эсептелген сүрөтү табылганын France Info жазып чыкты.
Кеп 1613-жылы тартылган "Кресттеги Христос" картинасы жөнүндө болуп жатат. Өлчөмү 105,5х72,5 сантиметр болгон картина Париждин алтынчы округундагы үйлөрдүн биринен Osenat аукцион үйүнүн президенти Жан-Пьер Осенат тарабынан табылган. Ал картинаны 2024-жылдын сентябрь айында Париждеги үйдү инвентаризациялоо учурунда тапканын айткан.
Сүрөттүн аныктыгы техникалык экспертизалардан, рентген нурларынан жана башка анализдерден кийин такталган. Басылма 1613-жылы Рубенс тарткан сүрөт жеке коллекционерге арналса керек деп белгилейт.
Табылган сүрөт Фонтенблодо 30-ноябрда аукционго коюлат.