АКШдагы Массачусетс университетине таандык жатакана имаратынын жанынан ок атышуу үндөрү угулган соң студенттер имараттан чыгарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Бостон полициясы билдиргендей, Массачусетс университетиндеги жатакананын жанында ок атышуу үндөрү угулду деген билдирүү түшкөндөн кийин кампуста кеңири коопсуздук чаралары көрүлдү.
Окуу жайдын администрациясы X социалдык медиа платформасы аркылуу тараткан билдирүүсүндө толук маалымат кийинчерээк берилерин маалымдады.
Кампусунда болжол менен 15 миң студент бар университеттеги бул окуядан улам кимдир-бирөө жаракат алган-албаганы азырынча белгисиз.