Биз социалдык тармакта

Жан дүйнө көркөмдүктү эңсегенде... Ала-Арча жаратылыш паркынын күзгү кооздугу (видео)

Блогер Рашид Браун социалдык тармактагы баракчасынан Ала-Арча жаратылыш сейил багынын күзгү кооздугу тартылган видео бөлүштү.

Анда дарактар сары-кызыл түскө боёлуп, жаратылыш керемет кооздукка бөлөнгөнүн көрүүгө болот.

Маалымат үчүн: Сейил бак Бишкек шаарынан 40 чакырым алыстыкта жайгашып, Кыргызстандын эң кооз жана туристтер көп келген эс алуу жайларынын бири. Май айынан тарта аталган аймакка электрокарлар менен кирүү каралган. Ал жакка кирүү акысы бир адам үчүн 200 сомду түзөт.

Ала-Арча жаратылыш сейил багына чейин №1 Бишкек-Ала-Арча экспресс каттамы жүрөт. Аталган каттамда 6 автобус 20-30 мүнөт сайын каттап, Жусуп Абдрахманов көчөсү аркылуу жүрөт.

Видео: Rashid.braun

12.09.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан