Украинанын Жогорку Радасынын төрагасы болуп шайланышы менен Владимир Рыбакты ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Украинанын Жогорку Радасынын төрагасы Владимир Рыбакка ушул кызмат ордуна шайлангандыгына байланыштуу куттуктоо кат жөнөттү. "Урматтуу Владимир Васильевич!КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан сизди Украинанын Жогорку Радасынын төрагасы кызмат ордуна шайлангандыгыңыз менен куттуктайм. КРнын Жогорку Кеңеши биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерге жогору баа берет жана Украина менен кызматташууну тереңдетүү жана кеңейтүү аракеттерин толук колдойт. Биздин бирдиктүү аракетибиз аркылуу кыргыз-украин алакалары мындан ары да арта бере тургандыгына ишенем. Сизге чың ден соолук, бакубат турмуш, ал эми украин элине тынчтык менен өсүп-өнүгүү каалайм" деп айтылат куттуктоо катта. Белгилей кетсек, Владимир Рыбак 13-декабрда Украинанын Жогорку Радасынын төрагасы болуп шайланган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан