Бүгүн, 12-сентябрда Өзбекстандын Андижан жана Фергана облустарынын расмий делегациялары Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаевдин расмий чакыруусунун алкагында Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдык мааракесине катышуу үчүн келишти. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Өзбекстандык меймандарды мамлекеттик “Достук” чек ара өткөрмө пунктунан расмий түрдө тосуп алуу аземи уюштурулуп, делегация мүчөлөрүнө сый көрсөтүлдү.