Биз социалдык тармакта

Оштун Сары-Могол айылында 140 орундуу бала бакча курулууда

Ош облусунун Алай районуна караштуу Сары-Могол айылында заманбап бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттен каржыланууда. Объекттин жалпы наркы 86 миллион сомду түзөт.
Бала бакчанын жалпы аянты 1398 чарчы метрди түзүп, 140 орунга ылайыкталган. Азыркы тапта курулуш-монтаждоо иштери 65 пайызга жасалды. Бала бакчаны быйыл жыл аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан