Биз социалдык тармакта

Баткен шаарындагы сейил бактардын курулушу текшерилди

Баткен шаарындагы курулуш объекттеринин сапатына текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында "Жаштык" жана "Жеңиш" сейил бактарынын курулушундагы кемчиликтер аныкталды. Тагыраак айтканда, объекттеги курулуштун негизги баскычтары тапшырылбагандыгы жана курулмалардын лабораториялык корутундусу жок экендиги аныкталды. Ошондой эле техникалык коопсуздук эрежелери толук сакталган эмес.
Сейил бактагы курулуш иштерин аткарып жаткан "Бишкек Тану иншаат лимитед ширкети" ЖЧКсына башкармалык тарабынан акт түзүлүп, жазма эскертме берилди. Мындан сырткары, админстративдик протоколдун негизинде айып пул салынды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан