Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда айрым көрнөк-жарнактар алынып, айып пул салынды

Кечээ, 11-сентябрда Жалал-Абад шаарында мамлекеттик тил эрежелерин сактабаган ишкерлерге айып пул салынды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Мэриянын тийиштүү кызматтардан түзүлгөн комиссия курамы калаадагы тил эрежелери сакталбаган көрнөк-жарнактарга кезектеги рейдин уюштурду. Анда Байзаков проспектиндеги соода түйүндөрү текшерилип, мамлекеттик тил мыйзамына каршы келген көрнөк-жарнактарды алуу боюнча ээлерине эскертүүлөр берилди. Ошондой эле буга чейин эскертүү берилген ишкерлерге 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын 2023-жылдын 17-июлундагы "Мамлекеттик тил жөнүндө" конституциялык мыйзамына ылайык, маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде жазылуусу зарыл.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан