Орусиянын абадан коргонуу күчтөрү түн ичинде өлкө аймагында 221 дронду атып түшүрдү. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги телеграм каналы аркылуу кабарлады.
Мекеме аппараттар Украинанын Куралдуу күчтөрүнө таандык экенин белгиледи.
Ага ылайык, Брянск облусунда 85, ал эми Смоленск облусунун үстүнөн 44 дрон атып түшүрүлгөн. Мындан тышкары:
Брянск облусунун губернатору Александр Богомаз украин дрондорунун чабуулунун кесепетинен эч ким жабыркабаганын билдирди. Ал эми Смоленск облусунун губернатору Василий Анохин да Куралдуу күчтөрдүн чабуулун тастыктап, Абадан коргоо күчтөрү 43 дронду атып түшүргөнүн маалымдады.
Адамдар жабыркаган эмес, олуттуу кыйроолор да катталган жок.