Биз социалдык тармакта

Германия Польшадагы "аба полициясы" тапшырмасын кеңейтет

Германия өкмөтү НАТО алкагында жүргүзүлүп жаткан немис аскерлеринин Польша үстүндөгү "аба полициясы" тапшырмасын узартып, кеңейтээрин жарыялады. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Штефан Корнелиус билдиргендей, бул чаралар Орусиянын Польша аба мейкиндигин бузушуна жооп катары кабыл алынууда. Мындан тышкары, Германия Украинага колдоосун күчөтүп, Евробиримдиктеги Орусияга каршы 19-жазалоо пакетинин кабыл алынышына жардам бермекчи.

Германиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, учурда Лааге аба базасында Польша асманын коргоо үчүн даяр турган Eurofighter учактарынын саны 2 эсеге көбөйтүлүп, 4кө жеткирилет, бул тапшырмалар 31-декабрга чейин узартылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан