Интернет желесинде Непалдагы нааразычылык акцияларынан улам аткаминерлерди эвакуациялоо учурундагы кадрлар тарап жатат. Видеодон тик учак менен имараттан кишилерди алып чыгып кетип жатканын көрүүгө болот.
Буга чейин Непал өкмөтүнүн мүчөлөрүн Катманду аэропортуна тик учак менен эвакуациялоо чечими чыгарылганы маалымдалган.
Айта кетсек, массалык нааразычылык акциялары 8-сентябрда бийлик бир катар ири социалдык тармактарга тыюу салуу чечимин кабыл алгандан кийин башталган. Өкмөткө каршы демонстрацияларда 30 адам каза болуп, 1033 киши жаракат алганы айтылган.