Биз социалдык тармакта

Ноокат районундагы кардиология бөлүмү жаңыланууда

Ош облусунун Ноокат районундагы аймактык кардиология бөлүмү көп жылдан кийин капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Учурда оңдоо иштери аяктап калды, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет.
Иштин жүрүшүндө имараттын фасады, чатыры, эшиктери жана полу алмаштырылып, ички курулуш-монтаждоо иштери аткарылды.
Белгилей кетсек, кордиология бөлүмүнүн имараты 1989-жылы 40 койкалуу болуп курулган, андан бери бир дагы жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан