
Кечээ, 11-сентябрда Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында режиссёр, СССРдин жана Кыргыздын Эл артисти
Төлөмүш Океевдин 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев жана Төлөмүш Океевдин санаалаштары, жакындары, кыргыздын белгилүү кинематографисттери катышты.
Иш-чаранын алкагында "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы даярдаган кыска метраждуу даректүү тасма көрсөтүлүп, концерттик программа менен уланды.