Сосновка айылыныда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылы 30-августта милицияга кайрылган 58 жаштагы жаран 8-августта Кара-Балта шаарындагы үйүнөн 39 жаштагы кызы чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин айткан.
Факт каттого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Жүргүзүлгөн издөө иштеринен натыйжа чыккан эмес. Акыры иликтөөдө дайынсыз делген аял жоголгон күнү бир жыл мурун ажырашып кеткен күйөөсү менен Сосновка айылындагы тоодо чогуу болгону аныкталган.
9-сентябрда Сосновкада тоо тараптагы суу сактагычтын жанынан дайынсыз делген айымдын сөөгү табылган. Маркумдун денесинен зомбулуктун белгилери аныкталган. Мурдагы күйөөсү аны кызганычтан улам ур-токмокко алганы, натыйжада ал каза болгону такталган. Шектүү жасаган кылмышын жашыруу үчүн маркумду көмүп койгон.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү соттун чечими менен камакка алынды. Учурда бардык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.