Бүгүн, 12-сентябрда Чыгыш Казакстан облусунда күтүүсүздөн кар жаады. Синоптиктердин маалыматына ылайык, аба ырайынын кескин өзгөрүшү тоолуу аймактарда кардын жаашына алып келген.
Метеорологдор сентябрь айындагы мындай аба ырайы сейрек кездешерин белгилешип, алдыдагы күндөрү аймакта суук сакталат деп эскертишүүдө.
Кар айрыкча тоо жолдорунда кыймылды татаалдаштырышы мүмкүн, айдоочуларга этият болуу эскертилди.
Drive Jeep компаниясынын экспедициялар боюнча директорунун орун басары Айдар Елубаевдин маалыматына караганда, кар Катон-Карагай улуттук паркына кирген Бурхат ашуусуна жааган.