Биз социалдык тармакта

Кийинки жылы "Евровидениеге" Израил катыша турган болсо, Нидерланды катышпайт

Нидерланды мамлекети 2026-жылдагы "Евровидение" ыр сынагына Израилге катышууга уруксат берилсе, барбай турганын билдирди. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик AVROTROS телерадиоберүүсү маалымдады.

Мекеменин билдирүүсүндө Газа секторундагы "олуттуу гуманитардык трагедия" Израилдин азыркы учурда сынакка катышуусун актабай турганы айтылган. Ошондой эле Израил катышкан учурда Нидерланды Словения, Испания, Исландия жана Ирландия сыяктуу эле катышуудан баш тарта турганы белгиленди.

AVROTROS быйылкы сынакта Израил өкмөтүнүн кийлигишүүсү далилденгенин жана бул "Евровидениенин" саясаттан тыш мүнөзүнө каршы келерин баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан