Сокулук районунда “бойго жете элек кызын зордуктаган” деп шектелип бир адам кармалды. Бул туурасында Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине бир аял кайрылган. Анын айтымында, 2013-жылдын 30-декабрында саат 19:00дөр чамасында 39 жаштагы адам күч колдонуп арыздануучунун 16 жашар небересин зордуктаган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 129-берене (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү жабырлануучунун атасы, 1974-жылы туулган М.А. экени аныкталган. Кыздын апасы 2011-жылы каза болуп калган.
Кылмышка шектелип кармалган адам буга чейин да соттолуп, жаза мөөнөтүн өтөп чыккан. Дайым спирт ичимдиктерин ичип жүрчү. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары уланып жатат.