Ысык-Көлдө КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнүн XXIV эл аралык спорт оюндарынын алкагында "Азия – кызматташтык жана тынчтыктын аймагы" урааны алдында Бишкек шаарынын эркектер арасында командасы кум үстүндөгү волейбол боюнча мелдеште 1-орунду ээледи. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 35 жашка чейинки кыз-келиндер арасында Бишкек шаарынын курама командасы 2-орунду алды.
Ал эми Бишкек шаарынын ОРАБӨСОМдун тарбиялануучулары турнирде 3-орунга ээ болушту.
Мелдештерге Кытайдан, Орусиядан жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген 9 команда катышты.