Ош шаарындагы Саидов жана Моминова көчөлөрүнүн мурдагы жана учурдагы абалы боюнча видео тарады.
Калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев аталган аймактарды февраль айындагы таңкы рейдинде кыдырып, мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүү тапшырмасын берген. Анда жол кеңейтилип, тротуары менен жол салына тургандыгы убадаланган.
Учурда эки көчө тең жаңы жасалып, шаардыктардын пайдалануусуна берилди.