Биз социалдык тармакта

Reuters: Трамп Чарли Киркти өлтүргөн адамдын өлүм жазасына тартылышын каалайт

АКШ президенти Дональд Трамп активист Чарли Киркти өлтүргөн адамга өлүм жазасы берилерин үмүттөнүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Fox News телеканалына берген маегинде айткан. Трамптын айтымында, шектүү киши учурда кармалган.

"Ага өлүм жазасы берилет деп үмүттөнөм", — деди Дональд Трамп.

Чарли Киркти 10-сентябрда Юта өрөөнүндөгү университетте сөз сүйлөп жаткан учурунда атып өлтүрүшкөн. Ок моюнуна тийген. Жакындарына көңүл айтып жатып Трамп Чарли Кирктин тарапташы болгонун баса белгиледи.

Юта мамлекеттик коопсуздук департаментинин өкүлү басма сөз жыйынында Киркти өлтүрүүгө шектүү болжол менен 25 жаштагы жигит экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан