Биз социалдык тармакта

Өзбекстанда планетанын эң улгайган жашоочусу аныкталды

Өзбекстандын Фергана облусунун тургуну Хувайдо Умарованын 1895-жылдын 1-январында туулгандыгы сот тарабынан тастыкталды. Бул расмий түрдө Умарованын дүйнөнүн эң кары жашоочусу экенин билдирет.

"Өзбекстандын тарыхында биринчи жолу 130 жаштагы апанын туулгандыгы расмий катталды", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалым болгондой, бул чечим Бувайдин районунун Каракум айылы боюнча жергиликтүү адилет бөлүмүнүн арызынын негизинде чыгарылган. Сот арызды канааттандырып, Умарованын туулган күнүн расмий түрдө каттады.

Буга чейин британиялык Этель Катерхэм дүйнөгү эң улгайган адам катары таанылган, ал 116 жашка чыккан. Катерхэм 1909-жылдын 21-августунда Хэмпшир графтыгында туулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан