
Бүгүн, 13-сентябрда айрым аймактарда жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Талас жергесинде +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көл аймагында +22...+27, Нарын өрөөнүндө +24...+29 градуска көтөрүлөт.
Ал эми күндүн табы борбор калаа Бишкекте +28...+30 градуска жетсе, Ош шаарында +32...+34 градус ысык болот.