АКШнын Соода министрлиги Кытай, Индия, Түркия жана башка өлкөлөрдүн компанияларын камтыган тизмени жарыялады. Бул компанияларга карата экспорттук чектөөлөр киргизилип, алар 16-сентябрдан тарта күчүнө кирет.
Федералдык реестрде жарыяланган документке ылайык, Кытайдан 23 компания, Түркиядан 3 компания, Бириккен Араб Эмираттарынан 2 компания, Индиядан, Ирандан, Сингапурдан жана Тайвандан бирден компания чектөөгө алынган.
АКШнын Соода министрлигинин түшүндүрмөсүндө, бул компаниялардын аракеттери өлкөнүн улуттук коопсуздугуна жана тышкы саясаттагы кызыкчылыктарына каршы келет деп белгиленген. Алар Орусиянын аскердик өнөр жай комплекси үчүн жабдууларды жеткирген жана АКШ продукцияларын тиешелүү уруксаты жок экспорттошкон.