Биз социалдык тармакта

 “Ош-Сити” компаниясынын жетекчилерин сыртка чыгарбоо сунушталды

“Ош-Сити” компаниясынын жетекчилерин сыртка чыгарбоо сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн таңкы рейдде “Ош-Сити” турак жай комплексинин курулуш иштерин көрүп чыккан. Мэр өлкө жетекчилиги инвесторлорго керектүү шарттарды түзүп жаткан чакта, ишкерлер мамлекеттин жана элдин ишенимин актоосу керектигин белгилеп, курулуш иштеринин жүрүшү жай жүрүп жаткандыгын, ишти тездетип, күчтөнтүү зарылдыгын билдирген.
Ошондой эле эки миң адамга алдын ала үйлөрдү сатып жибергендиктен курулуш компаниясынын жетекчилерин Кыргызстандан сыртка чыкпоо боюнча чектөө коюу сунушун берди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан