Өзбекстанда Док-1 Макс сиробу боюнча кылмыш ишинин алкагында 3,2 миллиондон ашык дары-дармектер Ташкентте көзөмөл органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жок кылынат. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышты.
Бул чара Ташкент шаарынын сотунун чечимине ылайык жүргүзүлүүдө. Буга чейин сот С.К. (Фармацевтика өнөр-жайын өнүктүрүү агенттигинин мурунку директору) жана башка адамдарга карата иш боюнча дары-дармектерди жок кылуу тууралуу чечим чыгарган. Жок кылынуучу препараттар Quramax Medical компаниясынын кампаларында жана бажы терминалдарында сакталган.
Жок кылынуучу дары-дармектер арасында Док-1 Макс сиробу бар, ал 2022–2023-жылдары кеминде 68 баланын өлүмүнө жана 16 баланын майыптыгына себеп болгону аныкталган. Бул жылдын июль айында дагы бир бала каза болгон, ал дарыны колдонгондон кийин майып болуп калган.
Жок кылынуучу препараттардын жалпы көлөмү:
-
Док-1 Макс таблеткалары — 811 478 даана;
-
Док-1 Макс сиробу — 101 669 бөтөлкө;
-
Амбронол таблеткалары — 2 252 796 даана;
-
Амбронол сиробу — 56 672 бөтөлкө.