
2-сентябрь күнү Балыкчы ШИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн атайын ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында шаардагы турак жайлардын биринде тинтүү иштери жүргүзүлдү.
Иликтөөнүн жүрүшүндө мурда сот жообуна тартылган, 1987-жылы туулган М.М. аттуу жергиликтүү тургун кара куурай (баңгизат) затын кургатып жаткан жеринен кармалды. Жалпысынан алынган баңгизаттын салмагы 20 килограммды түзүп, далил зат катары алынган.
Факты Балыкчы ШИИБинин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Териштирүү маалында шектүү жаран аталган баңгизатты, көптөн бери ээлери жашабаган кошунасынын үйүндө сактап жүргөнү аныкталган. Белгилүү болгондой, үйдүн мыйзамдуу ээси буга чейин башка шаарга көчүп кеткени аныкталган.
Алдын ала тергөө учурунда М.М. өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Балыкчы шаардык соттун чечими менен ага карата тергөөнүн аяктоосуна чейин камакка алуу бөгөт чарасы тандалган.