Бүгүн, 13-сентябрда Бишкекте жайгашкан кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Бишкек шаарынын Свердлов районунда жайгашкан алдын ала маалымат боюнча, кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 15:48де Свердлов райондук №2 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган", - деп айтылат маалыматта.
Кошумча саат 15:52де Бишкек шаардык №3 ӨКБдан 2 бөлүм, жалпы 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылды. Окуя боюнча кошумча маалымат бериле турганы айтылды.