Бүгүн, 13-сентябрда Камчыбек Ташиев Ошто 3 эм төрөгөн Алай районунун тургунуна 3 бөлмөлүү батир белекке берди.
Ташиев ага бул боюнча ЖКнын депутаты Жанар Акаев кат жазганын айтты.
"Мага Жанар Акаев кат жазып, бул боюнча айткан. Ал "биздин күчүбүз болбой жатат, сиздин мүмкүнчүлүгүңүз бар" деген. Чынында эле үйү жок экен. Баатырбек кызы Нуржамал кызыбызга Ош шаарынын ортосунан 3 бөлмөлүү батир берип жатабыз", - деди Ташиев.
Иш-чарага Жанар Акаев жана Баатырбек кызынын жакындары катышты.