ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун “Эдельвейс” тоо куткаруу кошууну 4530 метр бийиктикте жайгашкан Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркындагы Мугалим чокусуна жүрүш жасашты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Кошуундун курамы тоодо куткаруу иштерине даярдыктан өтүп, тажрыйбалык сабактарды өздөштүрүштү.
Тоо башында куткаруучулар альпинисттик шаймандарды колдонуу, адам өмүрүн сактоо, бийиктикте өзүн алып жүрүү, алгачкы жардам көрсөтүү сыяктуу бир катар эрежелерди сактоо менен машыгышты.
Бул машыгуу бийик тоолордо куткарууга даярданып, жабыркаган жарандарга ыкчам жардам көрсөтүүгө багытталган.