Кечээ, 13-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ноокат районундагы Кара-Кой жайлоосуна баруучу Телман–Кара-Кой унаа жолунун абалы менен таанышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, буга чейин 6 чакырымы асфальтталган болсо, 2025-жылдагы капиталдык салымдардын эсебинен дагы 3 чакырымына асфальт төшөлдү. Калган 19 чакырымдык бөлүгү мамлекеттик бюджеттен каржыланып, толугу менен курулуп бүткөрүлдү.
Иш сапардын алкагында Кара-Койдун туристтик потенциалын өнүктүрүү концепциясы тааныштырылып, анда аймакты заманбап эс алуу багытына айлантуу боюнча пландар сунушталды.
Камчыбек Ташиев концепцияны талкуулап жатып бир катар маанилүү тапшырмаларды берди:
Бул иштер Кара-Койдун туристтик мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, жергиликтүү калкка жана эс алуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.