Биз социалдык тармакта

Орусиядан өлкөгө 5 ымыркай кайтарылды

Кечээ, 13-сентябрда Орусиядан ата-энесинин камкордугусуз калган 5 ымыркай бала Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
Маалым болгондой, бул иш-чара Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги жана Орусиядагы Элчиликтин тыгыз кызматташуусунда жүзөгө ашырылды.
Мекенге кайтарылган балдар Бишкек шаарындагы адистештирилген балдар мекемесине жайгаштырылып, мамлекеттик социалдык коргоого алынды. Учурда тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан алардын туугандарына өткөрүп берүү маселелери каралууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан