16–18-сентябрда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт, күн күркүрөйт, тоо кыркаларында кар түшөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда ӨКМ билдирди.
Маалым болгондой, абанын температурасы 16–18-сентябрда:
Ал эми тоолуу райондордо түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14 градус болсо, бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…-7 градус суук, күндүз +1…+6 градуска жылыйт.
Мекемеден билдиришкендей, мындай туруксуз аба ырайы автотранспорттун, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдаштырып, малды жайытка чыгарып кармоого да тоскоолдук жаратышы мүмкүн.