Кечээ, 14-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Токтогул районуна болгон иш сапарында аймакта аткарыла турган жумуштарды кагазга жазды.
Анда алгач оорукана салынарын белгилеп, андан соң реабилитациялык борборду, анан мектепти тизмектеди. Атайын кызматтын башчысы мектептин аталышы бар-жогун сурап, "жок" деген жооп алды.
"Мектетин аты эмне болот, же коё элексиңерби? Манас деп коёлубу? Же Жалал-Абад деп коёлубу? Жалал-Абад эстен чыгып кетпесин",- деп жанындагыларды күлдүрдү.
Андан ары атайын кызматтын башчысы тизмени улап, бала бакча жана Токтогул шаарынын көчөлөрүн асфальттоо планы менен аяктады.