Биз социалдык тармакта

Камчыбек Ташиев Ошто үч эмдин апасына 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды

Бүгүн, 15-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарында үч эмдин энеси Нуржамал Баатырбек кызына үч бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтын маалыматында айтылат.

Маалым болгондой, Нуржамал Баатырбек кызы Алай районунун Арпа-Тектир айылынын тургуну, төрт баланын энеси. 2024-жылы жарыкка келген үч эмине Мустафа, Муслим жана Муса деген ысымдар коюлган. Жолдошу менен эки жолу ажырашып, балдарын жалгыз багып келе жатат. Мурда ата-энесинин үйүндө жашап, өз алдынча батир алууга мүмкүнчүлүгү болбогон.

Жаңы батир Ош шаарынын борборунда жайгашкан, заманбап шартта толук жасалгаланып, жаш эне менен балдары үчүн кең жана ыңгайлуу жашоо шартына айланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан