УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнө карата бир нече кол салуу болгонун айтты.
Ал кол салуулар бийликтин тартип орнотуу саясатын жактырбагандар тарабынан болгонун белгиледи.
"Коррупционерлердин, бандиттердин тууган-уруктары, жаман көргөндөр бар. Мына, менин өзүмө эле канчалаган жок кылуу аракеттери болду. Президентибиздин атайын купуя жарлыгы менен мага күзөтчүлөр берилди. Канчалаган аракеттерди кылышты, бирок биз буга чыдайбыз",- деди Ташиев 13-сентябрда Ноокаттагы Кулатов айыл аймагындагы эл менен болгон жолугушуусунда.