Дарыгерлердин орточо айлык акысы 25 миң сомдун тегерегинде. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев билдирди.
Ал депутат Элдар Абакировдун суроолоруна жооп берип жатып, учурда дарыгерлердин маянасы көтөрүлө электигин, кийинки жылы 50 пайызга жогорулатуу пландалып жатканын айтты.