Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Жибек-Жолундагы Аламүдүн дарыясынан алып өткөн көпүрө жакын арада оңдолорун билдирди.
Кеп мурдагы Чыгыш автобекетинин аймагында жайгашкан көпүрө тууралуу болуп жатат. Ал көпүрө учурда өтө начар абалда экенин белгилеп, мэрия тарабынан жасаларын айтты. Вице-мэр жакынкы аралыкта жол жабыларын, айдоочулар муну туура түшүнүшү керектигин айтты.
"Бирок коопсуздук маанилүү, бизди да түшүнгүлө. Көпүрөнү реконструкциялабаса болбойт",- деди Алиев.