Беларустун президенти Александр Лукашенко "Разведчик" журналына берген маегинде ушунча убакыттан бери элди сыйлагандыктан кызматта отурганын билдирди.
Ошондой эле ал көп жылдан бери кызматта отурушун башкаруу менен алек болбой тынымсыз иштеп келгени менен түшүндүрдү.
"Мен өз элимди, өз өлкөмдү чексиз урматтайм жана сүйөм. Ал эми мен үчүн эң жаманы - мага ишенген элдин ишенимин жоготуу. 30 жыл мурун мен аларга чынчылдык менен кызмат кылам деп ант бергем. Мен ушундай кылам. Мен иштейм, башкарбайм. Канчалык кыйын болсо да",- деген Лукашенко.