Биз социалдык тармакта

Ошто электр унааларын кубаттоочу станция ишке берилди

Ош шаарынын Алымбек датка көчөсүнө орнотулган 20 даана электр унааларын кубаттоочу станция бүгүн пайдаланууга берилди. Бул тууралуу калаа мэриясы маалымдады.
Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана шаардыктар катышты.
Жалпы 30 жабдуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасынын негизинде алынып келген. Калган 10у калаанын башка аймактарына орнотулат.
Бул станцияларды муниципалдык такси кызматы гана эмес электромобиль айдаган бардык жарандар колдоно алышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан