Бишкекте Кыргызстан мусулмандарынын 4-курултайы башталып жатат
Бүгүн, 15-декабрда Бишкек шаарынын Тарых музейинде Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын 4-курултайы өз ишин баштоо алдында турат. Курултайга өлкөнүн 7 облусунан келген 200 делегат катыша турганы маалым болгон. Учурда делегаттарды каттоо процесси жүрүүдө. Эскерте кетсек, бул курултайда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Уламалар кеңешинин жаңы курамы бекитилип, андан сырткары Кыргызстандын жаңы муфтийи шайланат.