Биз социалдык тармакта

QR код аркылуу кайрылуу. Эмгек министрлиги сын-пикирлерди кабыл алат 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жарандардын кайрылуулары менен иштөө процессинде ачык-айкындуулукту камсыздоо максатында, сын-пикирлерди чогултууда QR коду иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Бул QR код министрликтин алдындагы мекемелик, шаардык, райондук, райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын, социалдык-стационардык мекемелеринин калкка жеткиликтүү жерлеринде да жайгаштырылган. Кайрылган жарандар “Түндүк” тиркемеси аркылуу министрликке тиешелүү өз ойлорун жана сын-пикирлерин калтыра алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан