Биз социалдык тармакта

Бишкекте билим берүү мекемелеринин өрт коопсуздугу текшерилип, 46 миң сом айып пул салынды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын адистери Билим берүү жана илим министрлигине караштуу мекемелерди текшерди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн алкагында Бишкек шаарынын Октябрь райондук билим берүү башкармалыгына 46 000 сомго эки административдик чара көрүлдү.
Буга чейин Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча 42 бала бакча, 22 мектеп, жалпы 64 мекеме текшерилген. Анын ичинен талапка жооп бербеген 5 мектепке, 12 бала бакчага эскертүүлөр берилип, аткарылбаганы үчүн административдик чаралар көрүлдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан