Кызыл-Кыя шаарында алдамчылыкка шектелип издөөгө алынган жаран Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 2023-жылдын апрель айында калаадагы "Таштемир ажы" борбордук базарында Араван районунун тургунунун унаасын алып, анын акчасын толук төлөбөй качып кеткен.
Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү делген Баткен районунун Чоң-Кара айылынын 30 жаштагы тургуну Бишкек шаарында кармалып, Кызыл-Кыя шаарына жеткирилди. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тиешелүү тергөө иштери уланууда.